Jump to content

Draft:Турсунбек Акун

From Wikipedia, the free encyclopedia

Турсунбек Акун

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАР: Туулган жылы:18-июль 1959-ж. Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Ош обл, Лейлек району,Кулунду айылы Улуту: Кыргыз Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү.

[edit]

БИЛИМИ:ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ 1981-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Адистиги: Малдын оорусу боюнча дарыгер 2000-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин аяктап “Юриспруденция” адистегине ээ болгон. 1991-жылы Австрия шаарында “Адам укугу” боюнча 6 айлык кесиптик семинардан өткөн. Багыты: Адам укугу боюнча эксперт.https://centrasia.org/person2.php?st=1272893831

[edit]

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ: Е 1981-1983 - ж.ж. №53 Нарын жылкы заводунун “Эки Нарын” жана “Эмгек –Талаа” айылдарында мал доктур.

[edit]

1983-1984 - ж.ж. Нарын облусунун №53 Нарын жылкы заводунун комсомол комитетинин катчысы

1984-1987 - ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институнун комсомол комитетинин катчысынын орун басары

1981-1983 - ж.ж. №53 Нарын жылкы заводунун “Эки Нарын” жана “Эмгек –Талаа” айылдарында мал доктур.

1987-1988 - ж.ж. Кыргыз ССР илимдер Академиясынын биохимия жана физиология институнда кенже илимий кызматкер.

1990-1991 - ж.ж. Кыргыз илимий изилдөө ветеринардык институнун илимий кызматкери.

1990- ж. Кыргызстан Укук Коргоо кыймылынын төрагасы.

1991-1993 - ж.ж. Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын жооптуу катчысы.

1993-2005 - ж.ж. Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору.

2000-ж. Кыргыз Республикасынын Президентигине талапкер.

2005-2008 - ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы.

2006-ж. Мамлекеттин II класстагы мамлекеттик кеңешчиси чинине ээ болгон.

21.02.2008 – 27.01.2013-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы.

21.01.2013 - 27.06.2013 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы.

01.02.2013 - жылдан бери . Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору.https://who.ca-news.org/people:1132

СЫЙЛЫКТАРЫ:

[edit]
 III даражадагы “Манас” орденинин ээси

III даражадагы “Манас” орденинин ээси

“ДАҢК” медалынын ээси

Эл-Аралык Ата-Түрк фондунун лауреаты  

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын төрагасы, Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин координатору Турсунбек Акундун укук коргоочулук жана саясий ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат:

[edit]

Турсунбек Акун Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочу, өз убагында мамлекеттик жана коомдук ишмер катары чейрек кылымдан ашык убакыттан бери өлкөдөгү адамдардын укугун коргоп келет. Ал өлкөдөгү кээ бир белгилүү инсандар менен бирге баардык демократиялык өзгөрүүлөрдүн башында туруп, алгачкы демократиялык жана укук коргоо уюмдары болгон “Кыргызстан Демократиялык Кыймылын” (КДК) жана “Кыргызстан Укук Коргоо кыймылын” (КУК) уюштурган адамдардын бири. КДК нын аркасы менен өлкөдө көптөгөн демократиялык өзгөрүштөр болуп, азыркы демократиялык коомдун калыптанышына зор роль ойноду. Ал эми Турсунбек Акун өзү жетектеген КУКтун жардамы аркылуу миңдеген адамдардын укугу корголуп, укуктук коомдун калыптанышына чоң таасирин тийгизди.

Турсунбек Акундун жеке кийлигишүүсүнүн натыйжсында 1990-жылкы Ош окуясынан жабыр тарткан 112 адам бошотулуп, атууга кесилген үч адамдын тагдырын өлүмдөн арачалап калууга жетишти. 1999 – жылы болгон Баткендеги кандуу коогалаңда Т.Акун өзү кийлигишип жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап, туткундарды бошотуп, элдик дипломатия жолу аркылуу эки жактуу сүйлөшүүгө жетишип, жүздөгөн кыргыз аскерлеринин өмүрүн сактап калууга жетише алды.

2002 – жылы болгон айтылуу Аксы окуясынан жабыр тарткан адамдардын укугун коргоодо Турсунбек Акун ат көтөргүс жумуш аткарып миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга жетишти.

2005 – жылы болгон Жоогазын революциясында да ал алдыңкы катарда болуп, бул революциянын ишке ашуусуна жана адамдардын коопсуздугунун камсыз болушуна жана алардын укугунун корголушуна чоң роль ойной алды.

Турсунбек Акун 2008-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары шайланып адам укугун коргоодо мамлекеттик деңгээлдеги жумуштарды ийгиликтүү алып барды. Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтун дүйнөлүк аренага таанытып Бишкекте эл аралык көптөгөн форумдарды жана эл аралык конференцияларды өткөрүүгө жетишти.

2010-жылы апрель революциясынын убагында Турсунбек Акун Акыйкатчы катары чоң мамлекеттик кызматта турганына карабастан миңдеген нааразычылык акциясына чыккан адамдардын арасында сөз сүйлөп, бийликтин огунан карапайым адамдардын укугун коргоп, имараттарды талкалоого жана өрттөөгө жол бербей жоопкерчиликтүү иштерди алып барып, кеңири масштабдагы мамлекеттик жана коомдук ишмер экендигин эл алдында көрсөтө алды. Ал ушундай эл үчүн өтө маанилүү окуяларга аралашып жүрүп 2005 жана 2010 — жылдары денесинен жабыр тартып, катуу жаракат алып, көп оор кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Турсунбек Акундун демократиядагы жана адам укугун коргоодогу өмүр таржымалы Кыргызстандын жаңы тарыхы менен тыгыз байланышта экендиги коомчулукка белгилүү. Өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгүндө ал эч нерседен жалтанып, тартынып калбады. Акаевдин авторитардык бийлигинен жабыр тарткан көптөгөн саясатчылардын, коомдук ишмерлердин жана журналисттердин укугун эч аянбай коргоп, ал аракети үчүн далай абакка түшүп, көрбөгөн азаптарды көрдү.

Өзүнүн укук коргоочулук өмүр жолунда Турсунбек Акун төмөндөгүдөй коомдук жана мамлекеттик кызматтарды аркалады:

[edit]

 1990-жылы өлкөдөгү алгачкы демократиялык уюм болуп саналган Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) уюштуруучуларынын бири катары тарыхта орун калды.

 1991-жылы КДКнын аркасы менен түзүлгөн Кыргызстан Укук Коргоо кыймылынын төрагасы болуп шайланды.

 1992-жылы адам укугуна байланыштуу Бишкекте өткөн Эл-Аралык конференцияда өзбекстандык укук коргоочу Абдуманноб Пулатовду коргоо боюнча түзүлгөн эл аралык комиссиянын төрагасы болуп шайланып, аны коргоо үчүн Франциянын Страсбург шаарында өткөн эл аралык семинарга чейин маселени коюп жатып бошотуп алууга жетишет.

 1993-жылы Австриянын Вена шаарында ООНдун Башкы Ассамблеясы тарабынан уюштурулган дүйнөлүк конференцияга катышып, сөз сүйлөп, Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укугунун абалы тууралуу БУУнун трибунасынан жар салып, бул татаал регионго көптөгөн өлкөлөрдүн көңүлүн бура алды.  Ушул эле жылы Борбордук Азия мамлекеттеринен келген укук коргоочулардын тандоосу боюнча Конгресстин координатору болуп шайланды.

 1995-жылы кыргыз коомчулугунун атынан согуш оту тутанып жаткан Чеченстанга барып, Дагестандын Хасавюрт шаарында өткөн ошол кездеги Россия Федерациясынын коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Лебедь менен ошол кездеги Чеченстандын Президенти Аслан Масхадовдун жолугушуусун уюштурууга активдүү катышып, бул жолугушууну уюштуруучулардын бирден бири болгон.

 2000-жылы өткөн Президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары катталып, татыктуу добуштарга ээ болгон.

 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

 2006-2007-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан мамлекеттик делегацияны жетектеп, адам укугуна байланыштуу Варшава шаарында өткөн ЕККУ (ОБСЕ) га кирген мамлекеттердин жыйынында кыргыз мамлекетинин атынан маалымат берүү укугуна ээ болгон.  2008-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп шайланды.

 2010-жылы айтылуу апрель окуясынан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары мамлекеттик делегациянын тутумунда адам укугуна байланыштуу Женева шаарында өткөн ЕККУ (ОБСЕ) нун жылдык конференциясында мамлекеттин атынан маалымат берип, Кыргызстандан барган делегация ЕККУ (ОБСЕ) га кирген мамлекеттердин колдоосуна татыды.

 2013-жылы Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи ирээт Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп кайрадан шайланды.

 2013-жылы август айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынан мыйзамсыз кеткендигине нааразылык билдирип, Жогорку Кеңештин үстүнөн сотторго кайрылып, Жогорку Сотко чейин соттошууга чейин барды. Турсунбек Акун бийликтин кысымы аркылуу соттордон утулганына карабастан алардын үстүнөн моралдык жактан жеңишке жетише алды. Эл аралык уюмдар жана Кыргызстандык укук коргоочулар Турсунбек Акундун Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кызматынан мыйзамсыз алынгандыгын ачык айтып чыгышты.

 2013-жылы Акыйкатчылык кызматтан мыйзамсыз четтеткенине байланыштуу нааразылык акциясыны өткөрүп, 2013-жылдын сентябрь айында өз иш бөлмөсүндө 19 күнгө созулган саясий ачкачылык жарыялады.

Турсунбек Акундун колдоочулары куугунтукка алынып, Акыйкатчы институтунун жанына тиккен боз үй укук коргоо органдары тарабынан талкаланып алынып, тынч жыйынга деген укуктар бузулуп, Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган Акыйкатчынын укугу одоно бузулган учур катталды. Турсунбек Акун тарабынан уюшулган саясий ачкачылыкка бардыгы 2000 ден ашык адам келип колдоо көрсөтүп, Жогорку Кеңештин мыйзамсыз аракетин айыптап жатышты.

 2013-жылы октябрь айында ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен жабыр тарткан, үч айлык наарызылык акцияда турушкан Ысык-Көл облусунун Саруу айылына барып, алар менен жолугушуп, алардын тебеленген укуктарын коргоо үчүн тынбаган аракеттерди көрдү.  2014-жылы өз демилгеси менен Россия Федерациясынын Москва шаарына барып, мигранттар менен жолугушуп, элчиликтер менен тыгыз кызматташып иштеп, мигранттардын тебеленген укуктарын коргоп кала алды.

 2014-жылы башка өлкөдөн келген журналисттер жана укук коргоочулар менен бирге Украинанын Крым облусуна барып, 16-мартта өткөн элдик референдумга катышып, Крымдын Украинадан бөлүнүп чыкканына күбө болуп келди. Ал бир жактуулукка жол бербестен “укугу тебеленди” деген Крым татарлары менен да жолугушуп, алардын пикирин да талдаганга жетише алды.

 2014-жылы ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан саясий жактан куугунтукталып, кысымга кабылган Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун укугун коргоо үчүн Ош шаарына чейин барып, аны колдоо митингине катышып, укугу тебеленген карапайым адамдар менен бирге болуп, өзүнүн принципиалдуу позициясын билдирип турду.

 2014-жылы Турция аркылуу өтүп, ИГИЛ ге кызмат кылып кеткен кыргыз жигиттеринин укугун коргоо үчүн Түркиянын ИГИЛ менен чектешкен чек арасына чейин барып, алар тууралуу так маалыматтарды ата-энесине айтып, ал балдарды Кыргызстанга алып келүүгө аракеттерин көрдү. Мунун жыйынтыгы катары, Кыргыз Республикасынын бийлиги аркылуу кыргыз жарандарынын Сириядан самолёт аркылуу Кыргызстанга алып келиниши болуп саналат.

 2015-жылы апрель, май айларында алгачкы демократиялык уюм болуп эсептелген Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын 25 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн уюштуруучулук иштерин жүргүзүп, атайын комитет түзүп, КДК нын мааракеси татыктуу өткөрүлүп, улуттук деңгээлде белгиленди.

 2015-жылы Кыргызстан укук коргоо кыймылынын конференциясын уюштуруп, өлкөдөгү адам укугунун абалы кеңири талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Мындан тышкары, Кыргызстан укук коргоо кыймылылынын уставы өзгөртүлүп, жетекчилигин жаңыртылып, уюм кайрадан юридикалык каттоодон өткөрүлдү.

 2015-жылы ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу мыйзымсыз аракетине каршы чыгып, түрдүү акцияларды жана иш-чараларды уюштуруп, Конституцияны сактап калуу үчүн көп аракеттерди көрдү. Саясий жактан куугунтукталып камалган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карабеков жана башка саясптчылардын укугун коргоо үчүн жыйындарды уюштуруп, коомчулуктун чогулушун чакырып, катуу аракеттерин көрдү.

 2015-жылы ошол кездеги Президент Атамбаев тарабынан куугунтукталып камакка алынган саясатчы жана депутат Өмүрбек Текебаевдин укугун коргоп, пикет жана митингдерге катышып сөз сүйлөп, соттордун жана улуттук коопсуздук комитетинин имараттарын курчоого алып, башка дагы катуу аракеттерин көрүп, укук коргоочулук иштерин аткара алды.

 2016-жылы ошол кездеги оппозиционер, мекенчилдер партиясынын төрагасы Садыр Жапаровдун укугун коргоо үчүн анын колдоочулары тарабынан уюштурулган митингке катышып, митингдин жүрүшүн мониторинг кылып, акыры укук коргоо органдары тарабынан кармалып, үч күндүк кара жумушка кесилип, соттун чечими менен бир жарым миң сом айып пул төлөөгө мажбур болду.

 2015-жылы чоң жыйын өткөрүп, Адам укугу” саясий партиясын түзүп, адам укугунун тебеленип жаткандыгын ачык айтып, саясий күрөшкө аттанды.

 2015 – 2016-ж.ж. адам укугун коргоо, сөз эркиндигине жетишүү жана демократияны сактоо максатында коомчулуктун жыйындарын уюштуруп, бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрүн чакырып, диалог жана саясий күчтөрдү консолидация кылууга аракеттерин көрдү.

 2017-жылы боло турган Президентик шайлоого “Адам укугу” саясий партиясынын атынан талапкер катары көрсөтүлүп, Президенттик шайлоого катышып, 30 миңден ашык кол чогултуп, штаб түзүп, аракеттерин көрдү. Бирок Атамбаевдин бийлиги тарабынан тымызын куугунтукка алынып, анын талапкерлиги катталбай, алынып салынды.

 Турсунбек Акун 2017-жылы өткөн Президенттик шайлоодо шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, эки жүздүү жана улутка каршы иш кылган кылмышкер саясатчылардын бетин ачуу үчүн тиешелүү аракеттерин жасады. Турсунбек Акундун жана анын командасынын тынбаган аракетинин натыйжасында ошол кездеги Президенттикке талапкер Омүрбек Бабановго карата эки жолу эскертүү берилип, кыргыз элинин аброюна жана ар-намысына карата айтылган сөздөрүнүн бети ачылып, коомчулуктун алдында уяты ачылып, Президенттикке өтпөй калышына чоң себеп болду.

Мындан тышкары, Турсунбек Акундун жеке аракетинин натыйжасында Президенттикке койгон башка дагы эки жүздүү саясатчылардын бети ачылып, ким экендиктеринин чыныгы жүзү элге жарыя кылынды.

 2018-жылы Элдик Курултайды уюштуруу боюнча аткаруу комитети түзүлүп, Турсунбек Акун ал комитеттин мүчөсү болуп шайланды. Аткаруу комитетинин тынбаган уюштуруучулук аракетинин натыйжасында Элдик Курултай уюштурулуп, ага бийликтин өкүлдөрү катышып, эл менен бийликтин ортосунда диалог аянтчасын уюштуруу боюнча жакшы аракеттер көрүлдү. Атамбаевдин Президенттик убагындагы мыйзамсыз аракетине катуу саясий баа берилди.

 2018 -2019 жылдары Турсунбек Акун Атамбаев Президент болуп турганда камалган саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди абактан бошотуу үчүн катуу аракеттерин көрдү. Укук коргоочу катары аларды бошотууну талап кылган бир нече чогулуштарды өткөрүп, ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбековго атайын кат менен кайрылып, Президент менен бул багытта бир нече жолугушуп, аларды бошотуу талабын койду. Мына ошондой аракеттердин натыйжасында саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана башкалар бошотулуп, алардын укугу кеч болсо да корголуп калды. Ал эми Турсунбек Акун тарабынан Садыр Жапаровду бошотуу боюнча талабы ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кабыл алынбай калышы өкүнүчтүү иш болду.

 2019-жылы Турсунбек Акундун демилгеси менен “Келечекке Жол” деген коомдук уюм түзүлүп, бул уюм Россия Федерациясындагы “Элдик Фронттун” ролун аткара турган максаттарды койгон.

 2019-2020-жылдары “Келечеке Жол” уюмунун кеңсеси ачылып, кызматкерлер алынып, мониторинг борбору иштеп, Парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү иши колго алынды.

2020-жылы октябрда өтө турган Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүлүп, “Келечекке Жол” мониторинг борбору тарабынан ал шайлоодо элдик толкундоолор боло тургандыгы жана бийликтин алмашып кетиши мүмкүн экендиги тууралуу алдын-ала айтылып, расмий каттар жазылып, бийликке катуу эскертүүлөр жасалды. Бирок ал кездеги бийлик буга кулак салып койгон жок.

Акыры 2020-жылы октябрь айында шайлоонун өтүшүнө нааразы болгон масса көтөрүлүп, элдик толкундоолор болуп, бийликтин алмашуусу орун алды.  2020-жылы жаңы бийлик тарабынан Конституциялык Кеңешме түзүлүп, Турсунбек Акун Президенттин Указы менен ал кеңешмеге мүчө болуп бекитилди. Укук коргоочу Турсунбек Акундун катышуусу жана үч айга созулган талкуудан кийин жаңы Конституциялык Кеңешме тарабынан жаңы Конституция кабыл алынып, Конституциянын адам укугу жана эркиндигине байланыштуу главасынын 23-беренесинен 65-беренесине чейин толугу менен өзгөртүлүп жана жакшыртылып жазылып, бул өзгөртүүлөрдүн жүрүшүндө укук коргоочу Турсунбек Акундун ролу зор экендиги талашсыз.

 2020-2021-жылдары Турсунбек Акун көптөгөн макалаларды жазып, маектерди берип, коомчулуктун чогулуштарын өткөрүп, Садыр Жапаров башында турган бийликтин жаңычыл аракеттерин ачык колдоп чыкты. Президент Садыр Жапаровдун шайланышына да өзүнүн салымын кошту.

 2021-жылы өткөн жалпы элдик референдумда Турсунбек Акун Президенттик башкаруу формасы үчүн агитация кылып, Парламенттик башкаруу формасы үчүн эл азыр быша электигин биринчилерден болуп айтып чыкты. Ошентип жалпы эл Президенттик башкарууну жолун тандады.

 2021-жылы август айында Турсунбек Акун Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнө карата Президенттин указы менен III даражадагы Манас ордени менен сыйланып, жалпы журттун сыйына арзыды.

 2021-жылы октябрь айында укук коргоо органдары тарабынан 27 саясатчы, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер кармалып камалганда жана адам укугу тебеленгенде Турсунбек Акун бийликтин жана укук коргоо органдарынын аракетин биринчилерден болуп сындап чыкты.

 2022 – 2023-жылдары Турсунбек Акун өзүн колдогон саясатчылар жана коомдук ишмерлер менен бирге өлкөдө түрдүү форумдарды, rонгресстерди, жыйындарды өткөрүп адам укугун жана эркиндиктерин коргоо, саясий жактан куугунтукталып камалган жарандарды бошотуу талабын жаңы бийликке коюп жатты. Бул багытта бийлик менен коомчулуктун ортосунда диалогду орнотууга аракеттерин көрүп, саясий күчтөрдү консолидацияга чакырды. Бирок азыркы бийликте турган кээ бир чиновниктер мындай демилгелерге тымызын бут тосуп, Турсунбек Акундун бул аракетине баа бербей келе жатканы өкүнтөт.

 2024-жылдан баштап укук коргоочу Турсунбек Акун кыргыз мигранттарынын укугун коргоо максатында өз командасы менен эки ирээт Россия Федерациясына иш сапары менен барып, Екатеринбург, Москва жана Санк-Петербург шаарларында болуп, Россия Федерациясынын жогорку бийлик органдары, укук коргоочулары жана кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушуп, көп иштерди жасоого жетишти. Мына ушул жолугушуулардын жыйынтыгы катары 2024-жылдын август айында Кыргыз жергесинде, Ысык-Көлдүн боюнда миграция боюнча эл аралык форум өткөрүү демилеси көтөрүлүүдө.

2023-2024-жылдары Турсунбек Акун эл аралык саясатка дагы чоң көңүл бөлүп, дүйнөдө согушту токтотуу, тынчтыкты калыбына келтирүү, бардык ишти диалог жолу менен чечүүгө бүт күчүн жумшоодо. Айрыкча Орус-Украин согуштарын токтотуу үчүн дүйнө лидерлерине, Орусиянын жана Украинанын Президенттерине жана Бирикен Улуттар Уюмуна ачык кайрылып, бул кризисти чечүүнүн жолдорун сунуштоодо. Турсунбек Акундун бул демилгеси дүйнө элдери тарабынан колдоого алынып, жарым миллиондон ашык аудитория колдоого алганы кубантат.

Ал эми Израиль жана Палестина боюнча берген маектери эл аралык прессага жарыяланып, жакында Иран Ислам Республикасында өткөн эл аралык форумга катышып, Палестиналыктардын укугун коргоп сөз сүйлөшү, эл аралык коомчулуктун колдоосуна татыды.

[1]Турсунбек Акун өзүнүн чейрек кылымдан ашкан 27 жылдык укук коргоочулук ишмердүүлүгүндө 120 000 ден ашык адамдардын укугун коргоп, алардын өмүрүн арачалап эбегейсиз иштерди алып барды. Адам укугун коргойм деп жүрүп дүйнөнүн көптөгөн кан күйгөн жерлерине барып, далай өлүмдөн калып, өзүнүн укук коргоочулук ишин жүргүзө алды. Адам укугун коргойм деп жүрүп 56 мамлекетине барып Кыргызстанды тааныта алды.

[edit]

References

[edit]
  1. ^ "Турсунбек Акун". Люди Кыргызстана (in Russian). 2010-03-11. Retrieved 2024-07-14.